www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр чыгырык менен жол эрежесин бузгандарга айып салынат

Электр чыгырык (электросамокат) тепкендерди көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынды. Ага президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстанда электр чыгырык жана башка мобилдүү каражат (электрскейтборд, гироскутер ж.б.) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом, мас болуп айдагандарга 3000 сом айып пул салынат.

Документке ылайык, электр чыгырыктар (ж.б. мобилдүү каражаттар) атайын бөлүнгөн тилке же сызык боюнча, ал жок болгон учурда кыймылдын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрүшү керек.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости