www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үйдөгү лөктөрдүн уюштурулган расмий тамагына издөөдө жүргөн инсанды конок катары чакырылса кандай болот эле? Урматтуу окурман, жогорудагы суроолорго жообуңуз кандай болгон күндө да ушул макаламды аягына чейин окууңузду сунуштайм.
Үч күн мурда Муфтият уюштурган ооз ачаар чоң дипломатиялык скандалга себепчи болот деп эч кимдин оюна келбесе керек. Жалгыз эле Түркияда эмес, Россия, Өзбекстан, Азербайжан, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде тыйуу салынган гүленчилердин диний чөйрөнү, Муфтиятты кандайча калчап калганын көрсөткөн бул окуянын таржымалын айтып өтөлү.
Жыл сайын орозо айында ооз ачаар өткөргөн Муфтият бул жылы да чоң дастаркон жайып кыргыздын каймагын жана чет элдик конокторду чакырды. Дасмияда өткөн бул мааракеге Ак Үй менен Көк Үйдөн салмактуу мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана коомдун чыгаандары келди. Ички саясаттагы салмактуу оюнчулар менен катар Түркия, Пакистан, Афганистан, Россия сыяктуу мамлекеттердин элчилери да орундуктарга жайгашты.
Бирок азан айтылып, ооз ачаар убакытка аз калганда эшиктен кирип келгенбир топ киши ооз ачаар кечесинин эл аралык скандалга айлануусуна себепчи болушту. Түркияда террористтик уюм деп тыйуу салынган Фетуллах Гүлен уюмунун мүчөсү, эл аралык издөөдө жүргөн Орхан Инандынын жөөкөрлөрү менен чогуу жыйынга келип, төргө отуруп калуусу коноктордун оозун ачырды. Гүленчилерге караштуу “Сапат” мектептеринин жетекчилерида Орхан Инандыгажетеленип дасторкондон орун алды. Бул көрүнүш кечеге чакырылган Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин ооз ачаарды күтпөстөн Дасмиядан чыгып кетүүсүнө себеп болду. Террористтер менен чогуу отурбайм деген Түркиянын элчисин Муфтий Максатбек Токтомушев алып калууга аракет кылды. Бирок Түркиянын гүленчилерге карата саясатын билип туруп аларды бул жыйынга чакыруу, издөөдө жүргөн адамды расмий ифтарга алып келүү кыргыз-түрк мамилесине пайда алып келбейт деген элчи машинесине отуруп кете берди.
Чакырылган коноктордун тизмесин текшербегенин айткан Муфтий Максатбек Токтомушев чындап эле гүленчилердин кечеге чакырылганын билбеши мүмкүн. Түрк өкмөтү Орхан Инандыны өткөрүп берүүнү талап кылганынан Максатбек ажы кабардар да болбошу мүмкүн. Бирок Муфтийдин жардамчысы Замир Ракиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жакшылык Борочоров сыяктуу Фетхуллах Гүлен уюмунун мүчөлөрү Орхан Инандынын издөөдө экенин жакшы билишет. Алар көптөн бери дин тармагын тейлеп, Муфтиятты колго алып койгону маалым. Ооз ачаарды дал ошол шылуундар уюштурганы, тизмени ошолордун даярдаганы эми белгилүү болууда.
Кечээки ооз ачаарда гүленчилер Түрк элчисине жана кыргыз бийлигине өздөрүнүн күчүн көрсөтүүнү максат кылышканы байкалды. Асылбек Жээнбеков сыяктуу жоон топ саясатчыларды жана чет элдик сыйлуу конокторду көзгө илбей өздөрүнүн имамын бул кечеге алып келген гүленчилер Кыргызстанды каалагандай калчай турганын жар салышты.
Гүленчилердин кылыгы жалгыз эле Муфтийдин кадыр баркына залакасын тийгизген жок. Жасалган бул кутум Муфтияттын түрк тарап менен болгон мамилесине, кыргыз эли менен түрк элинин карым-катнашына таасир этээри шексиз. Гүленчилер Кыргызстан менен Түркиянын диний чөйрөдөгү кызматташуусуна кызыгып да койгон жери жок. Түрк тарап диний чөйрөдөгү кызматташууну кайрадан карап чыгууну сунушташы толук мүмкүн.
Жыйынтыктап айтканда гүленчилер чыныгы жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Учурунда Атамбаевди ноктолоп алып Түркияга каршы акаараттарды айттырган бул топ, эми Муфтият аркылуу кыргыз-түрк боордоштугуна таш ыргытууда.
Булак: NazarNews.kg