www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Троллейбустагы жүргүнчүлөргө жана милицияга кол салган адам СИЗО камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 27 жаштагы Т.У. сотко чейинки өндүрүштүн алкагында СИЗОго 2 айга камакка алынган. Бул чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган. 

Эске салсак, 20-ноябрь күнү  троллейбуста белгисиз адам жүргүнчүлөргө бычак менен кол салганга аракет кылган, бирок троллейбустун айдоочусу Светлана Тургумбаева милициядан жардам сураган. Кол салган адам троллейбустан качып чыгып, аны милиция көчөдөн кармаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости