www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Бекбай Алыкулов көз жумду

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Ал кечээ, 24-мартта көз жумганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин Ленин атындагы колхоздо 3 жыл чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын "Билим" коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жылдары Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1967–1983- жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинде атайын кабарчы, "Кыргызстан" басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан "Кыргызфильм" киностудиясында улук редактор, 1990-жылдан "Кыргызстан" басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, "Чүй баяны" гезитинде, андан соң "Кыргыз Туусу" гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1970-жылдан Кыргыз Республикасынын журналисттер, 2006-жылдан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Калемгердин “Өмүрү өрнөк инсан”, “Аккуулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү” аттуу китептери жана көркөм, публицистикалык тандалма чыгармаларынын эки томдугу жарык көргөн.

Ал чыгармачылыктагы зор ийгиликтери үчүн 1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамга татыктуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости