www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка тарап Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча өз позициясын үстүртөн гана белгилеп өттү. Бул маселени терең талдап, ар тараптуу карай турган атайын сүйлөшүү тобу түзүлөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков "60 мүнөт" программасынын алып баруучусу Евгений Поповго берген маегин ТАСС жазып чыкты.
"Украина боюнча биз өз принципиалдуу позициябызды түшүндүрүп, конфликттин негизги себептерин эске алуу керектигин белгиледик. Америкалыктар болсо бул маселеге үстүртөн гана токтолушту. Ошондуктан бардык деталдарды терең талкуулай турган атайын топ түзүү тууралуу макулдаштык", – деди Кремлдин өкүлү.
"Макулдашууга ылайык, бул топ бардык нюанстарды кылдат изилдеп, кеңири талкуулайт", – деп кошумчалады Ушаков.
Бүгүн, Эр-Риядда Россия менен АКШнын өкүлдөрү жолугушуп, негизинен орус-америкалык мамилелерди жана Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун алгачкы кадамдарын гана талкуулашты.