www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Таййип Эрдогандын расмий чакыруусу менен Түркияга келген Украинанын президенти Зеленский борбор шаар Анкарада өлкөсүнүн жаңы элчилигинин ачылышында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Зеленский буга чейин президент Эрдоган менен жыйынтыкка багытталган сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жана Түркиянын Орусия-Украина согушунда ортомчу ролду аткаргандыгын айтты.
Түркиянын туткундарды алмаштыруудагы жардамына көңүл бурган Зеленский "украиндердин мекенине кайтуусу" жана "азык-түлүк коопсуздугу" өлкөсү үчүн маанилүү экендигин белгиледи.
"Түркиянын аракети менен азык-түлүк коридорун түзө алдык. Бирок Орусиянын айынан бул азык-түлүк коридору үзгүлтүккө учурап, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдар, өзгөчө бул азыктарга муктаж болгондор аларды ала албай калышты", — деди Зеленский.
Зеленский өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнүн маанисине көңүлдөрдү буруп :"Өлкө катары биз тынчтыкты каалайбыз, согуштун бүтүшүн каалайбыз. Бирок, албетте, биз ал согуштун соңуна чыгышы белгилүү бир коопсуздук кепилдиктерине негизделүүсүн каалайбыз. Биз бул коопсуздук кепилдигин бүткүл Европа, анын ичинде АКШ, Европа Биримдиги жана Түркиянын беришин каалайбыз",- деди.
Украинанын Конституциясына каршы иш кыла албасын белгилеген Зеленский: «Орусия тарабынан убактылуу оккупацияланган аймактарыбызды Орусиянын бир бөлүгү катары эч качан тааныбайбыз, алар Украинанын бир бөлүгү»,-деди.
Владимир Зеленский Орусия басып алган украин аймактарын дипломатиялык жол менен кайтарып алууну туура көрүшөрүн айтты.
Зеленский орустар, америкалыктар жана европалыктар да болгон ортомчулук кылган бардык тараптарга чакырык салып, Украинанын кан төкпөстөн, согуштун дипломатиялык жол менен жана чечилишин каалай турганын, бирок аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин эч качан бузбай турганын айтты.
Украинанын президенти Зеленский Крым татарларын Украинанын түпкү эли катары тааный тургандыгын эске салды.