www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ эмне үчүн Россия менен сүйлөшүүгө барды?
Бул суроого жооп ар кандай аудитория үчүн ар башка берилет.
Орусия үчүн: Россия үч жыл бою теңдешсиз экономикалык жана аскердик басымга туруштук берди. Санкциялар экономикасын талкалай алган жок, фронтто ал алдыга жылууда. НАТО толугу менен Украина аркылуу ага каршы күрөшсө да, Россия туруштук берип, күчтөнө берди. АКШ муну көрүп, мындан ары эскалациянын коркунучтуу экенин түшүнүп, сүйлөшүүгө аргасыз болду.
АКШ үчүн: "Кансыз согуштагы жеңишти" сактоо үчүн күрөшүү АКШ үчүн чыгымдуу болуп калды. XXI кылымда Вашингтон үчүн Кытай, Индия жана башка өлкөлөр маанилүү. Россияны "жеңилгендердин" катарында эмес, жаңы реалдуулуктун оюнчусу катары кабыл алып, аны менен сүйлөшүү зарылчылыгы жаралды.
Европа үчүн: Европа өзүнүн суверенитетинен баш тартып, АКШга көз каранды болуп калган. Обама менен Байден бул фактыны дипломатия менен жашырууга аракет кылган, бирок Трамп ачык айтты: АКШ Россия менен өз кызыкчылыгына жараша сүйлөшөт, Европанын пикирин эске алуу милдети жок. Өз коопсуздугун эми Европанын өзү камсыз кылышы керек.