www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эр-Рияддагы америкалык делегация менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгүнүн жыйынтыгында, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун эки тараптуу маселелерди чечүүгө олуттуу мамиле жасап жатканын белгиледи.
"Биз (АКШнын) администрациясынын эки тараптуу мамилелерде жана, айтмакчы, эл аралык күн тартибинде, анын ичинде Украинадагы кырдаалда топтолгон көптөгөн көйгөйлөрдү олуттуу талкуулоого даярдыгын көрүп жатабыз", — деди Мария Захарова брифингде.
Учурда Эр-Рияддагы орус-америкалык сүйлөшүүлөрдүн биринчи сессиясы аяктады, деп билдирди ТИМ. Жолугушуу Сауд Аравиясынын падышалык үй-бүлөсүнүн сарайларынын биринде — Альбасатин комплексиндеги Дирияда өтүп жатат.
Сүйлөшүүлөрдө Москваны ТИМ башчысы Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми Вашингтондун атынан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф катышууда.
Буга чейин кабарлангандай, тараптар Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилелердин толук комплексин калыбына келтирүү, ошондой эле Россия жана АКШ лидерлеринин саммитине даярдык көрүү жана мүмкүн болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү маселелерин талкуулоону пландап жатышат.