www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Улытау облусунда шахтадагы кырсыктан каза болгон акыркы, жети кенчинин да сөөгү табылды.
"Казахмыс" корпорациясына караштуу кен жайында издөө-куткаруу иштери жүрүп, жети кызматкердин сөөгү табылды. Алардын өздүгү такталып жатат. Бардык маркумдардын сөөгү жер үстүнө чыгарылып, тиешелүү экспертизадан өткөрүү үчүн полиция кызматкерлерине берилди," – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
17-февралдын кечинде "Казахмыс" компаниясы Улытау облусундагы Жомарт кенинде тоо массасы урап, жети кызматкер уранды алдында калганын, алар менен байланыш жок экенин кабарлаган. Кийинчерээк куткаруучулар алтоо каза болгонун аныкташкан.
Казакстандын өкмөтү кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. Аны вице-премьер Канат жетектеп жатат.