www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Кечээ «СДПК уранды иштетүүгө каршы» деп чыгышты. Элди келесоо ойлойт го булар. Ушул «уран» проектисин Сапар Исаковдун өкмөтү купуя даярдап жатканын айтып 2018-жылдын 29-январында жаздым эле. Бул маселени биринчи болуп козгогом. Ошондон кийин мага карата өздөрүнүн колунан жем жеген гезит-сайттарга ушак-жалаа жаадырышканын коомчулук билет. Мына эми коомчулук да жапырт көтөрүлүп, азыркы Өкмөт беймаза ахвалга туш келип калды. Андан мурда Текебаев, Чотонов, Жапаровдордун иштери сотто кайра каралсын деп чыгышты, беттери чымырабай туруп. Өздөрү былгтып коюп анан башкаларга оодара салуу куйтулук эмей эмне?

Атамбаев тарабынан мамлекеттик бийлик узурпация кылынып, жеке кландык башкаруу түзүлүп, анын кесепетинен өлкөдө коррупция тамырлап кеткени бүгүн талашсыз факт. Атамбаев түзгөн бийлик Акаев менен Бакиевдердикинен ашты, кем калган жок мамлекетке жана элге жасаган кыянаттыгы боюнча. Бирок, ошого карабай, өздөрү «үй-бүлөлүк жана кландык» башкарууга каршыбыз деп ураан чакырып жатышат. Бул беттырмарлык эмей эмне?

Кумтөрдү күрп тооктой канатына катып коргоп, ал жакка эч кимди киргизбей, эч кимди жолотпой, Кумтөр деген сөз оозунан чыккандардын баарын тырпыратып камаган да өздөрү, каалаганыңарды кылгыла деп мөңгүлөрдү каалаганча талкалоого уруксат берген мыйзамды кабыл алып, ага кол койгон да өздөрү. Муну да эл билет. Бирок эртең «Кумтөр – элдики!», «Мөңгүлөрдү сактайбыз!» деген ураан менен Атамбаев жана анын СДПКсы чыкса деле таң калыштын кереги жок го дейм…

Андан катуу кетишсе «Сегизбаев камалсын!», «Жолдубаева камалсын!» деген талаптарга деле кошулушат. Мындай ишти деле «жок, болбойт» деп айтууга болбой калды. Булардан баарын күтсө болчудай…

Булак: “Де-Факто”

Последние новости