www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Атамбаевдин менчик телеканалына берген маегинде Атамбаевдин элдешүүгө аракет жасаганы байкалдыбы?
-"Элдешүүгө аракет" дегенди көрө алган жокмун, Атамбаевдин кечээки сөзүнүн төркүнүн карасак, ал "сүйлөшүүгө аракет" кылганы көрүнүп турат, Президент Жээнбековду кай бир маселелер боюнча "ийге келтирүү аракети" болуп жаткандай го дейм.
-Атамбаевдин ал аракетине президент реакция кылып, жумшарышы мүмкүнбү?
-Сүйлөшүүгө дагы, анын жыйынтыгы катары жумшарууга дагы, азыр эч кандай негиз жок го дейм. Анткени Атамбаев өзүнүн элге, мамлекетке кылган кыянаттыгын моюнга алууну ойлоп да койгон жок, кечээ көрбөдүкпү аны.
-Мындан аркы мамиле кандай багытта өнүгүшү мүмкүн?
- Мыйзам чегинде, коом үчүн ачык мамиле эле дурус болот, жабык жолугушуу же жабык сүйлөшүү Президенттин аброюна шек келтирет.
-Атамбаев “мыйзамсыз баюу” деген беренеге илинип калбаш үчүн элдешүүдөн кеп козгоп жаткан жокпу?
- Кандай болгон күндө дагы "элдешүү" аракетинин артында Атамбаевдин жеке кызыкчылыктары көп экенин кечеги маегинде көрдүк го.
Булак: NazarNews.kg