www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук стартегиялык изилдөө институнун директору Эмилбек Каптагаев Ат-Башыда курула турган логистикалык борборунун айланасында чыккан ызы-чуу тууралуу өз пикирин Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын пикири төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Ат-Башыдагы курулуштан чыккан ызы-чууну карап отуруп бир ой пайда болду... Бул чатакты чыгаруу ошол эле Ат-Башыдан, Нарындан чыккан бир ууч байдын кызыкчылыгыбы дейм. Айрыкча Ат-Башы, Нарын, Кочкор базарларын, Бишкектеги базарларды иштетип жаткандардын... Болбосо карапайым элге, айрыкча Атбашы, Нарындан Чүйгө көчө качып, бул жактан там алып, базар салып, бапырап жашап кетүүгө чамасы жокторго абдан жакшы, иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүлгөнү жатпайбы... Колтукка суу бүркүп, сүрмө топтун артында туруп "күш-күш" кылып шыкактагандар кимдер, адегенде мына ушул жагын ойлонуу, ошолор жөнүндө сөз кылуу зарыл го...”,-деп жазган Эмильбек Капатагаев.

Эскеп салсак, Ат-Башы  районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталаары айтылган. План боюнча логистикалык борборго,  жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Жалпысынан борбордун курулушуна 200 гектар жер аянты бөлүнүп, кытайлар  инвестиция кылат. Мамлекет аталган  аймакты заводдук-экономикалык зонага бөлүп берип, ишкерлер жерди 49 жылга ижарага алгандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости