www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмилбек Каптагаев Алмазбек Атамбаевдин "Апрелге" берген маегиндеги өзү жөнүндө айтылган пикрине төмөнкүдөй жооп берди.
"Алмазбек Атамбаев Каптагаевге кандай чабуул коюунун жолун таппай эми Садыр Жапаров темасын көтөрүп, ошону менен мага карай тескери пикир жараткысы келген окшобойбу... Атамбаев бул айтканы менен Американы ачып жаткан жок,
"Каптагаев өзүнүн Жапаров жөнүндөгү көрсөтмөсүн өзгөртө берет..." - дегенди Бишкек шаардык сотунда судья Жаңыл Мамбеталы да айткан...
Анын ушул айткан жалаасы боюнча Жогорку Соттун Тартип комиссиясына арыз менен кайрылып, ал комиссия Садыр Жапаровдун кылмыш иши боюнча он чакты томду карап чыгып Каптагаевдин көрсөтмөлөрү башынан бери бирдей эле экендигин, Каптагаевдин эч кандай Жапаров боюнча арызы жок экендигин тастыктап, Жаңыл Мамбеталыга карата сот-бийлигинин кадыр-баркына, судьянын жогорку наамына шайкеш келбеген тартиптик жосун жасаганы үчүн алдын ала эскертүү жазасы берилген.
Бул маселени Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдон жана башка соттун катышуучуларынан сурап билип алсаңар болот. Жогорку Соттун тартип комиссиясынын чечимин да бул жерден окуп аласыңар, атайын сүрөтү да бар,"- дейт Каптагаев өз сөзүндө.
Булак: NazarNews.kg