www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-февралда Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алды.
КРдин Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуу учурунда Кулубаев Садыр Жапаровдун атынан салам айтып, Тажикстан менен эки тараптуу мамилени өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи.
Кулубаев маектешине Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамиленин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданийгуманитардык чөйрөлөрдүн келечегин талкуулашты.
Андан тышкары эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты.
Булак: NazarNews.kg