www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2040-жылга чейин кайсы мамлекеттин жашоочулары көп жашашы мүмкүн экендиги тууралуу илимпоздор изилдеп чыгышты. Буга чейин Япония эң узак жашаган өлкөнун катарын толуктаса, эми алардын ордуна Испания ээлеп калышы мүмкүн. Бул тууралуу “The Lancet” илимий журналы жазып чыкты.

Маалыматтарга таянсак 2040-жылда Пиреней жарым аралындагы мамлекетте жашагандар 85 жашка чейин өмүр сүрүшү мүмкүн.  

Илимпоздордун эсеби боюнча, эң узак жашаган адамдар жашаган мамлекеттерге Сингапур, Швейцария, Португалия, Италия, Израил, Франция, Люксембург жана Австралия кирген.

2016-жылдагы рейтингке салыштырып карай турган болсок, АКШ 43-орундан 64-орунга (адамдар 79 жашка чейин гана жашаган) Кытай 68-орундан 39-орунга (81жаш) көтөрүлгөн.

Кошуна мамлекеттерден Казакстан, Тажикстан, Туркмөнстан орточо эсеп менен алганда 75-77 жашка чейин гана жашаса, Өзбекстан менен Кыргызстан 72-75 жашка чейин гана жарандар өмүр сүрө баштаган.

Жарандар эң аз жашаган мамлекеттер МАР, Лесото, Сомали, Зимбабве жана Африка катталган. Алардын болгону 60-65-жашка чейин гана өмүр сүрүшөт.

Ал эми 190 мамлекетте адамдарды өлүмгө алып келген 250 оору катталган. Жарандарда кант ооруусу, семирип кетүү, кан басымынын жогорулашы басымдуулук кылып жаткандыгын айтса,  адамдардын көпчүлүгү өздөрүн өлүмгө түрткөн тамеки тартуу жана спирт ичкендер көбөйүп кеткендигин баса белгилеген.

Дилмурод Рахимов, NazarNews.kg

Ташкент

Последние новости