www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесилди. Ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан – II даражадагы “Манас” ордени, “Данакер” ордени, “Даңк” медалы, энчилүү саатынан ажыратылды. Мындай чечимди кечээ, 23-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Атамбаевдин конфискациялана турчу мүлктөрү:

- 2000-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;

- 1997-жылы чыккан «Митсубиси Паджеро» унаасы;

- 1998-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;

- 1993-жылы чыккан «МАН» унаасы;

- 2011-жылы чыккан «BMW X-53» унаасы;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилке;

- Ысык-Көл районунун курорттук зонасындагы жер тилке;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыт жер;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоочу борбор;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы турак үй;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

- «Медиа Форум» ААК;

- Бишкек шаарындагы жер тилке;

- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;

- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү имарат;

- «Форум» илимий-өндүрүштүк фирма;

- Чолпон-Ата шаарындагы курулуп бүтө элек объект;

- Ысык-Көлдөгү курулуп бүтө элек объект;

- Ысык-Көлдөгү жер тилкелер;

- «Апрель ТВ» ЖЧК;

- «Апрель» ЖЧК;

- «Канал Ди» ЖЧК;

- «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы.

Төмөнкү коммерциялык банктардагы акциялар, банк уячалары, эсептер:

- «Кыргызкоммерцбанк»;

- «Кыргызстан коммерциялык банкы»;

- «Оптима банк»;

- «Кыргызстан-Швейцария банкы»

- «Капитал банк»

- «Аман банк»;

- «АКБ Толубай»;

- «РСК Банк»

- «Demir Bank»;

- «БТА банк»;

- «Доскредо банк»;

- «Экоисламик банк»;

- «Евразийский сберегательный банк»;

- «Азия банкы»;

- «Бакай банк»;

- «Халык банк»;

- «Пакистандын улуттук банкы»;

- «Кыргыз инвестициялык банкы»;

- «Финанс Кредит банк»;

- «Росинбанк»;

- «Бай Түшүм»;

- «Финка банк»;

- «Чанг ан банк»;

-«Компаньон».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости