www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва тараптан сүйлөшүүлөргө ТИМ башчысы Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышууда. Алардын каршы тарабында үч америкалык сүйлөшүүчү отурат: улуттук коопсуздук боюнча президенттин жардамчысы Майк Уолтц, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф.
Жолугушуу прессанын катышуусунда алдын ала сөздөрсүз башталды.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү падышалык үй-бүлөнүн сарайларынын бири — Альбасатин комплексиндеги Дирияда жолугушту.
Ушаков мурдараак билдиргендей, россиялык делегацияга РФПИнин башчысы Кирилл Дмитриев кошулушу мүмкүн, ал экономикалык маселелерди талкуулоого катышат.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин калыбына келтирүү, ошондой эле Россия менен АКШ лидерлеринин саммитине даярдык көрүү жана Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү маселелери талкууланат.
Өткөн шаршемби күнү Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөн, сүйлөшүү дээрлик бир жарым саатка созулган. Лиделер Россия менен АКШнын жарандарынын алмашуусуна байланышкан маселелерди, ошондой эле постсоветтик республикадагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөштү.