www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа биримдигинде АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнстин Германиядагы сөзүнөн кийин Американы каршылаш, душман деп карай башташты. Бул туурасында Financial Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Макалада Вэнстин Мюнхен конференциясында сүйлөгөнүнөн кийин душман деп тааныйсыздарбы деген суроосуна жогорку кызматтагы дипломат "ооба" деп жооп узатканы жазылган.
"Бул европа демократиясына түз жасалган кол салуу болду. Эми Европа чындыгында жалгыз калганы түшүнүктүү", — деген ал.
Өткөн аптада коопсуздук боюнча болгон Мюнхен конференциясында Вэнс Европа лидерлери өз жарандарын "үйрөтүлгөн мал" катары эсептеп, тоготпой жатканын айткан. Румыния сыяктуу кадам таштап, шайлоочуларына кулак салбай, добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын "болбогон шектенүүлөрдөн" улам жокко чыгарып же такыр эле басып салып жатат деп күнөөлөгөн. Анын пикиринде, Европага кооптуулукту Россия же Кытай жаратпайт, өздөрүнө-өздөрү жаратууда.
Конференциянын катышуучулары Америка вице-президентин унчукпай угуп отуруп, бүткөн соң кол чабышкан эмес. Эки саясий ири күчтүн мамилесин суук селки кылчу мындай окуяга АКШнын президенти Дональд Трамп үн каткан. Ал Вэнстин сүйлөгөнүн укканын, "жакшы болгонун" айтып, Европага сагыраак болушу керектигин эскерткен.