www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык компаниялар Орусиядан чыгып кеткенден кийин 300 миллиард доллар жоготконун Орусиянын Түз инвестициялар фондунун (РФПИ) башчысы Кирилл Дмитриев CNN телеканалына билдирди. Ал Эр-Риядда өтө турган экономикалык маселелер боюнча жолугушууга Москва делегациясынын курамында катышышы мүмкүн.

"Бизге негизги керектүү нерсе – конструктивдүү диалог. Чындыгында, америкалык компаниялардын Орусиядан чыгышынын кесепетинен 300 миллиард доллар зыян тартылды. Бул абдан олуттуу сумма, жана биргелешкен иштин жоктугу АКШ экономикасы үчүн чоң жоготууга алып келди", – деди Дмитриев.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – АКШ, Орусия жана башка өлкөлөр үчүн эң жакшы чечимди табуу. Ал ошондой эле америкалыктар жана АКШнын президенти Дональд Трамп "маселелерди натыйжалуу чече алышарын" белгилеп, Москва менен Вашингтондун алакаларын жакшыртуу дүйнө үчүн маанилүү экенин айтты.

Мындан тышкары, РФПИ жетекчиси Эр-Риядда АКШ делегациясынын кээ бир өкүлдөрү менен жолугушуп үлгүргөнүн билдирди.

Эске салсак, Эр-Риядга кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков келген. Бүгүн алар америкалык делегация менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык маселелерди талкуулашат. Ушаковдун айтымында, бул сүйлөшүүлөргө Кирилл Дмитриев да кошулушу мүмкүн.

АКШ делегациясынын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стив Уиткофф кирет.

Жолугушууда Москва менен Вашингтондун мамилелерин, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жана эки мамлекеттин лидерлеринин саммитин уюштурууну талкуулашат.

Белгилей кетсек, өткөн шаршемби күнү Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, 1,5 саатка созулган диалог жүргүзүшкөн. Анда эки өлкөнүн жарандарынын алмашуусу жана башка актуалдуу маселелер каралган.

Последние новости