www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өздөрүн Садыр Жапаровдун “жээнимин, кеңешчисимин” деп тааныштырып, баасы 50 миллион сомго жакын көмүр кенин чет элдик компаниянын менчигине өткөрүп берүүнү талап адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүү кенди өткөрүп бербесе укук коргоо органдарындагы байланыштары менен аны камата тургандыгын айткан. Бул боюнча УКМКга арыз түшүп, эки киши кармалды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров жана анын жакындары менен эч кандай мамилеси болгон эместиги такталган.

Шектүүлөр тергөө абагына камалды. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин бардык катышуучуларын, ошондой эле кармалган адамдар тарабынан жасалган кылмыштын башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.

 

Последние новости