www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү жортуулу тууралуу Европа Биримдигинин жана араб өлкөлөрүнүн дооматына жооп кайтарды.

Ал 10-октябрдагы телекайрылуусунда эгер алар Анкаранын күрддөргө каршы чабуулун «мыйзамсыз бастырып кирүү» деп расмий тааный турган болсо Европа Биримдигиндеги өлкөлөр менен чек арасын ачып саларын, 3 миллиондон ашык сириялык качкындын агымын токтотпой коёрун эскертти.

Ал Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуулду «террорчулукка каршы күрөш» деп атады. Анын сөзүнө караганда, жортуул башталгандан тартып күрд куралдуу күчтөрүнүн 100дөн ашык жоочусу өлтүрүлдү. Анкара аларды террордук топ деп эсептейт.

Түрк аскер жетекчилери жердеги операциялар күчөгөнүн, абадан 180ден ашык чабуул коюлганын жана анын негизинде ондон ашык айыл-кыштакты ээлеп алышканын маалымдаган.

Күрд аскерлеринин командачылыгы жоготууга учурап жатканын ырастады жана өлгөндөр арасында жайкын тургундар да бар экенин билдирди.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы 9-октябрда чабуул баштаган. Бир катар мамлекеттер Анкаранын бул кадамын айыптап жатышат. АКШнын Сенатында Анкараны жазалоо тууралуу демилге көтөрүлдү.

Жагдайга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши 10-октябрда чукул жыйынга чогулганы жатат.

Последние новости