www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, андан "позитивдүү кабар" укканын айтты.
Буга чейин Азербайжан Армения Карабахтан чегинип жатат деп билдирген. Тактап айтканда, Физули, Жабраил, Губадли, Зангилан, Ходжалы, Ходжавенд аймактарында 16 калктуу конуш Азербайжан тарабынан көзөмөлгө алынгандыгы белгиленген.
"Эртең менен мен бир тууганым Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Андан оң жаңылыктарды укканыма кубандым. Аллахтын жардамы менен биз жеңишке жакындап жатабыз"- деп Эрдоган NTV телеканалынан маалымдады.
Эскерте кетсек, Армения менен Азербайжандын чек арасында жайгашкан Тоолуу Карабах аймагында 27-сентябрдан бери куралдуу кагылыш токтобой келет.
Булак: NazarNews.kg