www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз -Орус өнүктүрүү фонду 2019-жылы жалпы суммасы 77,5 млн. долларга долбоор бекитти. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көп.

Бул тууралуу бүгүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев   маалымат   жыйнында   айтты.  

Ал: "Фонд иштеп баштагандан тарта баардыгы болуп 379 млн. долларга 2 миң 351 долбоор бекитилген. Ири долбоорлорду өзүбүз каржылайбыз, ал эми орто жана чакан бизнести өнөктөш-банктар аркылуу каржылап турабыз. Биз менен 15 банк жана 4 микрофинансылык уюм, кепилдик фонду иштешет. Биз 202 млн, долларлык 57 долбоорду түздөн-түз каржылайбыз. Ал эми биздин өнөктөштөр аркылуу 2 миң 300 чакан жана орто субъектти каржылоодобуз», - деди.

Булак: Багыт.kg

Последние новости