www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Павлодар облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагасы Муратгали Акетай Ватсапта тарап жаткан видео боюнча прокуратура менен полицияга кайрылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мессенджерлерде интимдик мүнөздөгү видео пайда болгон. Аны менен кошо Павлодар облустук сотунун судьясы Муратгали Акетайдын да  видеотасмасы кошо тарап жатат.

Аталган видео тасмада аты аталган соттун эркек киши менен болгону “махабаты” так жана тартылган. Облустук соттон аталган кызматкердин ал видеого эч кандай тиешеси жок деп билдиришкен. Ошентсе да, судья күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартып бергиле деп прокуратура менен полицияга арыз менен кайрылган.

Эске салсак, мурда социалдык тармактардын колдонуучулары Павлодар облустук сотунун судьясынын үнү делген видео таратышкан. Павлодар облустук сотунун судьясы айткан делген уят сөздөрү бар видеоролик ушул жылдын 28-сентябрында Ватсап аркылуу тарап баштаган.

Павлодар облустук сотунун маалымат кызматы журналисттерге бул видео актуалдуу эмес деп билдирген. “Бул Актөбө облусундагы эски жаздыруу, бизде мындай факт катталган эмес. Кылмыш коллегиясынын төрагасы бар, бирок бул жазуу биздин судьяга эмес”, -деп билдирген Павлодар облустук сотунун маалымат кызматчысы Анель Кусанова. Кийинчерээк, облустук сотунун маалымат кызматы бул факт боюнча иликтөө иштери башталганын билдирген.

Эске сала кетсек, Павлодар облустук сотунун судьясы Муратгали Акетайдын эркек менен кумарга баткан тасмасы биздин почтага дагы келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости