www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештеги жыйында Азамат Жамангуловдун Санариптик өнүктүрүү министрлигине талапкерлиги каралып жатканда депутат Камила Талиева гендердик баланстын сакталбай жатканын көтөрдү.

«Мен каршы болчумун. Коллегаларым добуш берип коюшуптур, жетишпей калдым. Эмне үчүн өкмөттөн аялдар бачым жумуштан кетип жатат?» — деп суроо салды Талиева.

Эл өкүлү мурдагы Эмгек министри Жылдыз Полотованын да жүйөөсүз иштен алынганын айтты. Ал мурдагы Санариптик өнүктүү министри Нурайым Кутнаеванын иштен кеткен себебине кызыгып, «Иштей албай койдубу, себебин билишибиз керек да? Өкмөттө аялдар жок калды! Анда Билим берүү министрин деле кетирип койгула! Аны да кетирип, жаңы Ак үйүнө «эркектердин өкмөтү» деп жазып алгыла. Андай болбойт да. Аял кишилерди кызматтан тынымсыз алып жатасыңар», — деди Талиева.

Последние новости