www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар.
Кайсы гана адистиктеги дарыгер болбосун оорулууну кабыл алып жатканда анын түнкү заара ушатуусу боюнча маалымат алып, зарыл болгон учурда урологго кайрылууну сунушташы зарыл. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты Зуфар Хакимходжаев билдирди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар.
"Ушул тапта эркектерди дарылоодон көрө ар кандай оорулардын алдын алууга артыкчылык берилип жатат. Анткени эркектер аялдарга салыштырмалуу 10-15 жылга азыраак жашайт. Буга эркектердин дарыгерге абдан кеч кайрылганы себеп болууда", — деди дарыгер.
Анын айтымында, эркектер арасында көбүрөөк кездешкен илдеттердин бири — ноктурия.
"Бул эркектердин түн ичинде бир нече ирет заара кылышы. Мында бир гана эркек эмес, анын жубайы дагы жапа чегет. Экөөнүн тең түн уйкусу бузулуп, толук кандуу эс ала албайт. Өзгөчө эркектин уйкусу канбагандыктан, жыныстык жашоонун сапаты начарлайт. Күйөө жубайы алдындагы "милдетин" жетиштүү аткара албай калат", — деди дарыгер.
Андыктан уролог эркектерге бул илдеттин алдын алып, маал-маалы менен дарыгерге кайрылып турууну сунуштайт.
Булак: "Спутник"