www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ тургуну Ричард Жонс өң-түсү окшош башка киши жасаган кылмыш үчүн жазаланып, 17 жылын абакта өткөргөнүн СNN жазып чыкты. Маалыматка ылайык, эми ал 1,1 миллион доллар өлчөмүндө компенсация алат. Эркек киши 1999-жылы каракчылыкка айыпталып жоопко тартылган. Жонско куюп койгондой окшош киши унаа токтотуучу жайда турган аялдын колундагы телефонун жула качкан. Аял каракчыга каршылык көрсөтүп жыгылып, бутун жабыркатып алган. Бул денеге залал келтирүү катары бааланып, жаза катаалдаган.

Ал эми күбөлөр кылмышкерди узун чачын артка тараган «ак түстүү латын америкалык же афроамерикалык» деп сыпатташкан. Жонс окуя болгон күнү сүйүктүүсүнүн туулган күнүн белгилеп жүргөн. Аны бир нече киши көргөн. Бирок буга карабастан күбөлөр каракчыны Жонс деп таанып  беришкен.

“Натыйжада эркек киши 19 жылга кесилип кеткен. Апелляциялык арыз менен кайрылып, бирок утулуп калганда айласыздан укук коргоочуларга кайрылган. Алар чыныгы кылмышкер – Рики Ли Амосту таап беришкен”,-деп айтылат макалада. Жонсту  каракчы деп тааныган күбөлөргө Амостун да сүрөтү көрсөтүлгөн. Алар кылмышкерге Амос көбүрөөк окшош экенин моюндашкан. Бирок убакыт өтүп кеткендиктен аны жоопко тартуу мүмкүн болгон эмес. 

Компенциядан тышкары, Жонс анын күнөөсү жоктугун тастыктаган сертификатка ээ болот. Анын полицияда сакталган ишинин материалдары жана биологиялык маалыматтары жок кылынганы айтылды.

Булак: "Мантыш"

Последние новости