www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркектин жыныс мүчөсүнүн өлчөмү канча болуш керек? Бул суроо аялдарга караганда эркектердин тынчын көп алат. Келиңиздер, маселени чогуу карап көрөлү.

Медицинада 13-15см өлчөмдөгү жыныс мүчө норма. Эрекция учурунда 8-9 смден кичинекей болсо, анда аны изилдөө керек. Текшерүүдө гормондору, жумурткалары, өсүүсү жакшы чыкса, кабатырлануунун кереги жок.

Эркектик жыныс мүчөнүн кичинекей болуп калуу себептери:

Тукум куучулук;

Синтетикалык ич кийимдер;

Калың, ысык шымдарды көп кийүү;

Кошумча оорулар (фимоз, аномалия);

Эротикалык тасмалар комплексти пайда кылат!

Комплекстин пайда болуу себептери:

Эротикалык кинолор, видеолор;

Достордун, кыздардын шылдыңы;

Мырзаларга айтаарым, порнографиялык тасмалардагы, видеолордогу чоң мүчөлөргө суктанып кереги жок. Реалдуулукта мүчөсү чоң эркектер чанда кездешет.

Эркек жыныс мүчөсү чоң болсо мактанат, кичинекей болсо уялып, тартынат!

Жыныс мүчөнү чоңойтуу жаатында бир топ ыкмалар бар. Негизгилери:

Вакуум, резиналар: Вакуум соргондо жыныстык мүчөгө кан толуп, чоңоё түшөт. Бул психологиялык алдоо.

Дары-дармектер: Интернет аркылуу сатылган гелдерди сүйкөгөн маалда мүчөгө кан жүгүрүп, көөп, чоң көрүнүп калат. Бул дагы психологиялык алдоо.

Операция: Бул жол менен чоңойтуу коркунучтуу. Дарыгер жаңылыштык кетирип алса, ириңдеп кетет. Кээ бирөөлөр оюндагыдай чоңдукта жасатып алып, эрекция учурунда кыйналат.

Көнүгүүлөр.

Аппараттар.

Өкүнүчтүүсү булардын баары 100 пайыз жардам бербейт.

Эркектерге “жигиттик белгим кичинекей болсо жубайым чанып кетет, кыздар карабайт” деген ойдон алыс болгула демекчимин. Бактылуу өмүр сүрүү үчүн, жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүү эмес.

Акылдуу айымдар муну биринчи орунга койбойт.

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости