www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат Эркингүл Иманкожоева менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Эркингүл эже, кечээ жакында өткөн курултайда Конституцияны өзгөртүү маселеси көтрүлүптүр. Мүмкүнчүлүктөн  пайдаланып, президент өз ыйгарым укуктарын көбөйтүп албайбы?

-Делегаттардан ушундай сунуш түшүп, резолюцияга кирди.  Бирок бул маселени эксперттер дыкат карап чыгышы керек. Анткени, эксперттик комиссия түзүлсүн деген да сунуш болду. Эгерде азыркы президент өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, ыйгарым укуктарын көбөйтүп ала турган болсо, анда мурунку президенттерден айырмасы жок болуп калат го.

-Эмнегедир курултайда Атамбаевге катуу сындар айтылып, анын кол тийбестигин алып, жоопко тартыш керек дегендер да болду го?

-Атамбаев колу менен жасаганын мойну менен тартышы керек. Анткени, мыйзам баарына бирдей. Эмнеге экс-президент жоопко тартылбашы керек! Кыргызстанга эбегейсиз чоң чыгым келтирсе. Мен Алмазбек Атамбаевди мөңгүлөрдү талкалаганга уруксат берген "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүүгө кол койгондугу үчүн кечирбейм. Мамлекеттин мойнуна илип кеткен  акчалай карызды кыргыз эли кутулаар, бирок мөңгүлөрдү эч ким ордуна келтире албайт да. Талкаланган мөңгүлөр миллиард долларга да келбейт!

-Паспорттогу графага улутубуз жазылсын деген сунушту колдойсузбу?

-Албетте, колдойм. Кыргыз эли байыртан келе жаткан улут болгону менен калкыбыздын саны анча көп эмес. Кыргыз өзүнүн жеринде, элинде гана кыргыз боло алат . Паспортто сөзсүз" кыргыз" деген графа болушу керек. Кыргызстандык деп жазылышына  мен башында эле  каршы болгом. Атамбаев "американец" деп деле жазылып жатпайбы деп айткан болчу. Американын абалы башка, Америка Кошмо Штаты деп бекеринен айтылбайт, ал өлкөгө ар кайсы улуттун эли барып отурукташып калган мамлекет. Ошон үчүн биздин абалды алар менен салыштырып болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости