www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Жунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. 

Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Жыйында ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында иш алып барууну көздөгөн заводдун учурдагы маселелери каралды.

Ошондой эле заводдун модернизациялоо иштеринин учурдагы этабы жана өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээли менен таанышуу болду. Бул заводдо индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы боюнча маалымдалды.

Анда бул долбоордун өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдө, мунайды кайра иштетүүнү жогорулатууда жана жаңы жумуш орундарын түзүүдөгү маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана заводдун маалыматтары угулуп, талкуулангандан кийин бир катар тийиштүү тапшырмалар берилди. Модернизациялоо иштери быйыл бүткөрүлөрү пландалууда.

Последние новости