www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кечээ, 24-ноябрда Кыргызстандын белгилүү режиссерлору менен жолугушту. Иш-чарага Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Далмира Тилепбергенова, Ырыс Окенова, Азамат Шаршенов, Нурлан Абдыкадыров сыяктуу белдүү режиссерлор катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Жыргалбек Турускулов атамекендик киноиндустриянын өнүгүшүнө кошкон зор салыиы үчүн режиссерлорго ыраазычылыгын билдирди. “Кино тармагынын Кыргызстандын искусствосун өнүктүрүүдөгү орду чоң. Акыркы мезгилдерде кыргыз киносунун кайра жандануусу байкалууда. Атамекендик фильмдер Кыргызстанда жогору бааланып, ар кандай эл аралык сыйлыктарга да ээ болуп жатат. Сиздер тарткан тасмалар менен Кыргызстандын аты дүйнөгө даңкталып жатат”,- деген фракция лидери режиссерлордун сунуш-пикирлери менен кинематография чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү угууга даярдыгын билдирди.

Режиссер Актан Арым Кубат “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, өлкөнүн бюджетинен 0,01% дал ушул тармакка багытталышы керектигине токтолуп, бул талап дайыма эле аткарылбастыгын белгиледи. Ошондой эле кыргыз кинолорунун эл аралык фестивалдарында көрсөтүүдө мамлекеттин колдоосу жок болуп жаткандыгы кошумчаланды. “Элдин духун бекемдөөдө кинонун орду чоң. Бирок Кыргызстандын кинематографиясы мамлекеттин колдоосу жок эле өнүгүп жатат”,- деди Эрнест Абдыжапаров.

Мындан сырткары, бегилүү рефиссерлор кино тартуу боюнча мамлекеттин тапшырыктарын системалаштыруу зарылдыгы, мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуу  боюнча пикирлерин ортого салышты. Мындан сырткары, атамекендик кинорыногун коргоо чаралары, кинофильмдердин прокатын алга жылдырууда мамлекеттин колдоосу, кино кызматкерлерине социалдык кепилдиктерди берүү маселелери талкууланды. Режиссер Дальмира Тилепбергенова атамекендик кинематографияны өнүктүрүүгө өбөлгө болчу копродукция жөнүндө мыйзам кабыл алууну сунуш кылды.

Фракция лидери Жыргалбек Турускулов талкууда айтылган сунуш-пикирлердин баары көңүлгө түйүлүп, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлө тургандыгын убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости