www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Конституцияны президенттен баштап жөнөкөй жарандарыбызга чейин ыйык тутуп, так аткарылуусу зарыл», - деди бүгүн, 6-майда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.
- Эсенгул Байдалиевич, азыркы жашап жаткан Конституциянын артыкчылыгы, кемчилиги кайсылар?
- Азыркы жашап жаткан Конституция жаңы редакцияда деп жазылды. Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү катары 4 орчундуу сунуш бергем.
Биринчиси: Жогорку Кеңеш (фракциялар) Аткаруу бийлигине кадрларды дайындоо функциясын алып салуу;
Экинчиси: адам укугун коргоодо Конституциялык палатанын Жогорку соттун курамынан чыгарып, Конституциялык сот макамын берүү;
Үчүнчүсү: элдин негизги мүдөөсү болгон кадр саясатын люстрация аркылуу тазалоо;
Төртүнчүсү: Жогорку Кеңештин курамын эки палаталуу кылып түзүү. Мыйзам чыгаруу палата 30-35 депутаттан турат, алар мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөө функциясына ээ болуп айлыкка иштешет.
Экинчи эл өкүлдөрү 120 депутаттан турат, ар бир райондон жана Бишкек, Ош шаарынан элдин санына эмес ар бир аймактан үчтөн депутаттар шайланып айлык албай эл арасында болуп, сессиялык ыкмасы менен иштешет деген сунуш эле. Тилекке каршы бул сунушум менен люстрация өткөн жок.
- Колдоого алынган сунуштарыңыз болдубу?
- Болду. Биринчи экинчи сунушум өттү. Жогорку Кеңештин курамы боюнча мыйзам талкуу болуп жатканда Президентке жана Жогорку Кеңешке кат жолдогом, 90 депутат айлык албай иштесин, убагында Легендарлуу парламент үлгү көрсөткөн деп. Бирок эч жооп алган жокмун.
Конституциябыз Баш мыйзамыбыз болгон соң ал адамдык фактордон көз каранды, демек, аны президенттен баштап жөнөкөй жарандарыбызга чейин ыйык тутуп, так аткарылуусу зарыл.
Бийлик бутагы, соттор, укук коргоо органдары өздөрү билип өтүгүн төргө илип, мыйзамдарды көзгө илбей келген үчүн үч ирет эл көтөрүлүп, бийликти кулатты.
Бул ачуу болсо да кыргыз элинин тарыхы, андан азыркы жана кийинки бийликтегилер сабак алып, эсинен чыгарбоосу керек.
Булак: NazarNews.kg