www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар “Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман” - дешет. Бул калетсиз сөз. Эсенбай эсепчинин айтуусунда токсон 29- ноябрдан баштап 11- декабрга чейин түшөт. Бул учурда аба ырайы кескин бузулуп. Күн чыкыроон тартып суук күч алат. 11-декабрдан 11-мартка чейин токсон күн “токсон”. 26- февралдан 11-мартка чейин суук күчөп, “Токсондогу чал” кетет. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот.
Токсон да, чилде да айрым жылдары 3-күндөн 7-күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат. Кочкор өрөөнүндө өткөн доорлордо Эсенбай эсепчи деген жашап өткөн.
Эсенбай эсепчинин күнүмдүк аба ырайынан баштап, төрт мезгилдин кандай болоорун так айткан өнөрү дүң болуп калың элдин учу кыйрына тарап, алыс жакындан атайлап ат арытып келип акыл сурап кетип турушчу экен. Эсенбай эсепчи менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, кыштоого качан көчкүлө — десе көчүп, кышка камылга көрүп турушкан. “Кыш оор болот. Жаз кеч келет. Отун сууну кенен камдап, малга тоютту мол камдагыла”- десе айтканын аткарышкан.
Угушубузга караганда кар жааган убакта ал кезде метр, сантиметр деген жок казандын капкагын алып кардын канча калыңдыкта жааганын эсептеп ченеп отурганын Адүкүн агабыз чоң аталарынан угуптур. Бул өнөрдүн айрымдары уулу Келдибекте да калган деп Адүкүн аксакал айтып берген. Алтымышынчы жылдары Эсенбай уулу Келдибек Кара-Суу колхозуна башкарма болуп калат. Момуш аксакал баштаган бир топ адамдар Каройго эгин сээп жатыптыр, башкарма Келдибек келип, түшкө чейин сээп бүтүп калгыла, түштөн кийинкиси жакшы бышпай калат деп кетет. Момуш аксакал: “Келдибек өзүнүн атасы Эсенбайдай билмек беле, сынап көрөлү” –деп, түштөн кийин себилген эгинге белги коюп койот. Чын эле экөө бирдей бышып келатып, түштөн кийин себилген эгинге үшүк тийип жакшы түшүм бербептир.
Байыркы убактардан тартып эле кыргыздар күн менен айдын мезгилдик ырааттуу кыймылдарын убакытты өлчөөдө колдонуп келген. Астрономия илими жана байланыш технологиясы өнүккөн азыркы учурда айлардын башталышы жана бүтүшү күмөн туудурбай турган абалда эсептелип, аныкталып жатканы маалым. Ал эми башка байыркы эл сыяктуу эле кыргыз элинде атайын аба-ырайын алдын-ала болжолдоп турган эсепчилер чыгышкан. Мисалы ошондой эсепчинин бири Эсенбай эсепчи бир жыл алдын-ала аба-ырайын аныктаган.
Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүнгөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, ай фазалары алмашылып турат. Айдын жаңырышы, биринчи чейрек, толгон ай жана акыркы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырындык менен бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн менен Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт. Эгер Ай жаңырганда, ал Жер менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Күндүн тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт.
Мында томпок жагы оң тарапта болот. Айдын бул фазасы 1-чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14-15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай толгондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башталат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жагы сол тарапта болот. Ай орто эсеп менен 29,5 сутка өткөндө кайра жаңырат. Айдын жаңырышы боюнча да бир ай алдын-ала аныктай алган. Эгерде ай чалкасынан жаңыра турган болсо, Айдын өзүнө тынч болот да, калайык-калкка кыйынчылык түшүшү мүмкүн деген. Ал эми тескерисинче тигинен жаңырса, калайык-калкка тынч болот да, айдын өзүно кыйын болот деп алдын-ала айткан. Кокусунан ай кыйгачынан жаңыра турган болсо, “Сактыкка кордук жок” аба-ырайы катаал болуп кетиши да мүмкүн, ошондуктан сактанып туруш керек деген.
“Эсенбай эсепчи” китебинен
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg