www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Май кармаган бармагын жалайт”- деген макал бекерден айтылбаган окшобойбу?  Өткөндө  өлкөдөгү эң салмактуу эсеп палатасынын бир “жоокери”  жасаган кычкыл иштери үчүн чет өлкөдө эс алганы боюнча маалымат жарк дей түштү. Көрсө былыгын таап алган “мергенчи” аудит көз акысына “күнөлүүлөрдөн” путевка алган турбайбы. Анын айтылган баасы жарым миллион сомду чапчыптыр. Нары-бери басканына, сол тарапка барганына деле кыйла акча кетсе керек. Эми аны “текшергичтер” өздөрүнүн ыкмасы аркылуу белендеп берет деген ойдобуз. Буга окшогон фактыларды издесе пачкалап тапса болорун деле кыстара кетели.

Ошентсе да Улукбек Марипов ушул тармакка келгенден кийин бир топ маанилүү иштерди ачыкка чыгартып, өзүнүн жөндөмүн айгинелей алды. Кайсыл жерде болбосун илешкен кемчилик болбой койбойт. Керек болсо акактай таза болууга милдеттүү прокуратурада деле былгытмалар болуп жатканын көрүп жатпайлыбы? Ошондуктан эсеп палатасындагы оң иштерди жаза кетирүүгө акыбыз жок. Эңшерилген бюджетти толтурууга аракеттер болуп жатканы байкалууда.  Жогоруда белгиленген ойт бермелерди акырындык менен жойсо болот. Анткени Улукбек мырза ак үйдүн элегинен ийгиликтүү өтүп келген.

Последние новости