www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1-июндан тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы заманбап программалык-аппараттык комплекстер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жаңы технология "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББнын алдындагы "Техникалык багыттагы борбор" мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген.

Аталган комплекс өлкө аймагында бардык тийиштүү сыноолордон ийгиликтүү өттү. Эми ал төмөнкү эреже бузууларды адамдын катышуусуз, автоматтык түрдө каттайт:

белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо;

айдоочунун же жүргүнчүнүн коопсуздук курун тагынбаганын;

руль башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү же пайдалануу;

каршы тилкеге чыгып кетүү.

“Мындай заманбап технологияларды колдонуу айдоочуларды жазалоо эмес, биринчи кезекте алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жолдордогу адам өлүмү менен коштолгон кырсыктарды азайтуу жана жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат.

Жаңы программалык-аппараттык комплекстер 2026-жылдын 1-июнунан тартып республиканын бардык аймактарында иш режимине киргизилет. Бул тутум жолдордогу ачык-айкындуулукту жана тартипти камсыз кылууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости