www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова деген бар. Министр болгончо ойду омкоруп, тоону томкоруп, оозу менен орок орсо, көргөн-уккандар укмуш туура дечү. Өзгөчө мекенге, өлкөгө, экологияга күйгөн болуп "Кумтөрдөгү" бузулган экология тууралуу сүйлөсө "сокур ыйлап, дудук ырдап" жиберчү эле. 

Бирок, торпоктун чуркаганы саманканага чейин дегендей, министр болгону ымтараган эле "эт эмес же чел эмес", - болгон жүдөмүш экенин далилдеди. Муну эчак иштен алыш керек эле эркелетпей. Азыр да кеч эмес. Кемпир чарчады. Колунан иш келбеген соң кетсин да. 

Мына Бишкекти ыш, түтүн каптап дем алганга мүмкүн болбой калды. Кутманованын башы ооруган жок. Дым. Ың-жыңы билинбейт. Абанын булганышын алдын-алуу иштерин жүргүзүү, эл аралык донор уюмдардан инвестициялык проект тартуу оюна келген жок.

Учурунда, Центерра 20 миллиондон ашык куб мөңгүлөрдү талкалап, таштандыларды музга көп экологияга эбегейсиз зыян келтирди, миллиарддаган доллар компенсация төлөтүү керек. Алтын чайкаганга Петров көлүнөн өздөрү билип суу тартып алышкан, сууга бир тыйын төлөгөн эмес деп сайрачу эле.

Министр болду. Баягы айткан сөзүнүн бири жок. Биздин соттор Центерраны экологиялык зыян үчүн 3 миллиард доллар кенемте төлөтүү боюнча чечимди жокко чыгарып жатканда, баягы патриот Кутмановадан үн чыккан жок. Эң кур дегенде калп да болсо "экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн кенемте төлөсүн" дебестен, кылтыйып отурду.

Көрсө, куйту адамга кызмат болсо эле болду экен да. Ошол үчүн кыргызда адамдын ким экенин билгиң келсе, колуна байлык менен бийлик бер деп таамай айтыптыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости