www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын Орусиянын газынан олуттуу экономикалык жоготууларсыз тез арада баш тартуусу мүмкүн эмес.
Мындай пикирин Vygon Consulting компаниясынын изилдөө боюнча жетекчиси Мария Белова РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
"Экономикалык өсүштүн темпинин төмөндөшү энергоресурстардын баасынын кымбаттоосу менен шартталат... Жыйынтык жөнөкөй – олуттуу экономикалык жоготууларсыз орус газынан тез арада баш тартуу мүмкүн эмес", - деди Белова.
Мындан тышкары, аймактагы негизги ири газ керектөөчү ишканалар жабылбайт деген ишеним жок.
Ошондой эле Европа 2030-жылга чейин энергия балансында кайра жаралуучу энергия булактарынын белгиленген 45% үлүшүнө жете алабы деген суроо туулат.
Еврокомиссия Орусиянын Украинадагы аскерий операциясы башталгандан кийин REPowerEU планын иштеп чыккан. Ага ылайык, жыл аягына чейин Европа Орусиядан газдын импортун үчтөн экиге, башкача айтканда, болжол менен 100 миллиард кубометрге кыскартат деп болжолдонууда.
Эл аралык энергетикалык агенттик импорттун кыскарышына кыйла жөнөкөй баа берген – 50 миллиард куб метр.
"Биздин эсептөөлөр боюнча, базалык сценарийде кыскаруу андан да азыраак болот, бирок ар кандай эмбарголордун варианттарын же экспорттук инфраструктурага зыян келишин жокко чыгаруу азырынча эрте", - деди Vygon аналитиги.
“Учурдагы пландар боюнча ЕБ 2027-жылы Орусиянын газынан көз карандысыздыкка жетише алат. Ошол эле учурда, кызыгы, 2,5 ай мурун бул дата азыраак амбициялуу болгон - 2030-жыл”, - деп кошумчалады Белова.
Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматына караганда, Европа Биримдиги 2021-жылы Орусиядан 155 миллиард куб метр жаратылыш газын импорттогон, бул Европа импортунун 45%ын жана жалпы керектөөнүн 40%ын түзөт.
Бирок ошол эле учурда Евробиримдиктин башчысы Жозеп Боррел ЕБ өлкөлөрү эки жылдын ичинде орус газынан баш тарта алат деп эсептейт.
Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндөгү компаниялар мурунку билдирүүлөрүнө карабай, Орусиядан газ үчүн төлөмдү акыры жаңы система боюнча жүргүзүүгө макул болушканы маалымдалган.
Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак "Газпром" менен келишим түзгөн 54 чет элдик компаниянын жарымына жакыны жаңы схема боюнча газ жеткирүү боюнча төлөмдөр үчүн рублдик эсептерди ачканын билдирген.
Буга чейин Эл аралык валюта фондунун Европа департаментинин башчысы Альфред Каммер Европа орус газысыз алты айдан ашык чыдай албастыгын, андан кийин аймактын экономикасына мындай кадамдын терс кесепеттеринин олуттуу сезилиши анык экенин айткан.
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта Европа өлкөлөрүнө газ үчүн төлөмдөрдү рублга которуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлык 1-апрелден тарта күчүнө кирген.
Булак: NazarNews.kg