www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ноокатта сел болгондо «тик учак кана?» деп сурагандарга жооп берди.

Ал июндун аягында Ноокатта сел жүргөндө, 1300дөй адам Абшыр-Ата эс алуу жайында камалып калган учур тууралуу кеп козгоп, ошондо «тик учак кана?» деген суроолор жана сындар көп айтылганын эске салды.

«Тик учакка ашып кетсе 6 киши батат. 10 адам деп эсептегенде дагы тик учак 1300 кишини ташыш үчүн кеминде 130, андан көп дегенде 260 каттам жасашы керек болмок. Ал физикалык жактан да мүмкүн эмес. Тик учак гана куткаруу иштерин жүргүзөт, көрсөткүлө деген фантастикалык сөздөрдү сүйлөбөйлүчү! Тик учакка аз гана киши батат. Ошондой эле сел жүргөн маалда жаан-чачын болот, асманды булут каптайт, чагылган түшөт. Андай учурда тик учактын учурууга уруксат берилбейт. Бул — эл аралык эреже. Биринчиден биз уча албайбыз дагы, учсак дагы учкучтардын өмүрүнө жана кымбат техникага коркунуч жаратышыбыз мүмкүн. Күн ачылганга чейин тик учак уча албайт», — деди ал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости