www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз футболдук союзунун президенти Камчыбек Ташиев ФИФАнын аймактык техникалык директору Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адиси Ричард Аллен менен жолугушту.

Кыргыз футбол союзунан маалымдашкандай, жолугушуунун башкы максаты өлкөдөгү футболду өнүктүрүү пландарын талкуулоо болду.

Коноктор ФИФАнын футболду глобалдуу өнүгүшү боюнча максаттарын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө өз көмөгүн көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Атап айтканда, Ричард Аллен таланттарды аныктоо боюнча багытын өркүндөтүүнүн жолдорун сунуштады.

КФС президенти футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана клубдарды, академияларды, ошондой эле курама командаларды өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, ФИФАнын өкүлдөрүнө алардын ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Гайоз Дарсазде ФИФАнын таланттарды өнүктүрүү боюнча долбоорунун (TDS - Talent Development Scheme) маанилүүлүгүн баса белгилеп, аталган долбоорду Кыргызстанда улантуу зарыл экендигин айтты. TDS алкагында испандык машыктуруучу - Дэниэл Лимонес 15 жашка чейинки курама командаларынын өзөгүн түзгөн оюнчуларды машыктырат. Долбоордун пилоту өткөн жылы КФС тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып, андан соң ФИФА 2025-жылга чейин аны узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости