www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда кулаган учакта бир дагы жан аман калбаганын айткан украиналык авиакомпаниянын президентти Евгений Дыхне көзүнө жаш алды. Анын белгилөөсүндө “Эл аралык Украина Авиалиния” убактылуу Иранга учуусун токтотту. Ал эми кырсыктын келип чыгышын эл аралык комиссия жүргүзөт.

Ал ортодо учактын кыйроосуна анын кыймылдаткычы себеп болгону айтылууда. Анткен менен орусиялык айрым серепчилер, учак кырсыгына АКШнын салымы болгонун кошумчалап жатышат.

Ошол эле учурда асмандан ракеталык сокку болгонун кыйыткандар дагы бар. Буга далил кылып, алар учактын кыйрагандан калган калдыктарындагы тешиктерди белгилешкен.

Анткен менен сокку кайсы тараптан болгону дагы талаштуу. Бир тарабы Ирандын аскердик күчтөрү адашып атып алганын билдирсе, экинчи тарабы Американы күнөөлөшүүдө.

 

Албетте бул азырынча жөн гана болжолдоо. Акыркы чекитти атайын коммисия өз иликтөөсүнүн соң коёору турган иш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости