www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында өз атын алтын тамгалар менен жазып койгон балбан Айсулуу Тыныбекова тууралуу тасманын трейлери жарык көрдү. Кыргыздын алгачкы чемпион кызы тууралуу тасманы америкалык Рейчел Сайн тарткан.
Ал 2018-жылы тартылып башталган. Режиссердун айтымында тасма анын режиссерлук кылган биринчи иши. Буга чейин ко-продюссер жана продюссер болуп жүргөн. Тасма “Айсулуу: шамалга каршы” деп аталат.
Рейчел Сайн тасма тууралуу айтып жатып, Кыргызстанда 2012-2015-жылдарга чейин жашагандыгын, кыргыз аялдарынын күчтүүлүгүнө жана сулуулугуна баа бергенин айтып берген. Кыргыз аялдарынын ичинен айрыкча, Курманжан Датканы бааларын да кошумчалады.
Айсулуунун эркине, кыргыздын “кыз киши да күрөшчү беле” деген стереотибине моюн сунбай өз максаттарына жетип келе жаткандыгын алкап: "Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн Айсулуунун күчү жетерин билгем. Мен дайыма анын эркине жана кыйынчылыктарга баш бербегенине таң берчүмүн. Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын кайра жазып жатат. Аталган тасма элдерге кызык болот. Азыркы тапта аны чемпион катары көрүү оңой, бирок бул жеңиштин артында турган 10 жыл талыкпас эмгек тууралуу көпчүлүк ойлоно бербейт. Кызыктарга бай жана ар бир адамга дем-күч бере турчу окуя менен ар бир адам менен бөлүшкөнгө шашылып жатам", - деп билдирген Сайн.
Булак: NazarNews.kg