www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Шахмат федерациясынын ийгилиги артып турган учур, Милан Турпановдун президенттигине туш келет. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында алгач гроссмейстерлердин чыгуусуна шык берип, шарт түзүп берди. Жалгыз "Устав" менен "Мөөрүн" өткөзүп алган Милан мырза бүгүн федерацияны бийик деңгээлге чыгара алды. Шахмат академиясын ачууга жол ачып, бир кезде каралбай калган аймактарды жандандырып, алыскы айылдардан шахматистерди чыгарууга жетишти. Миңдеген балдар тарбия алып, жүздөгөн балдар чет мамлекеттерде эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып келишет. Мунун бардыгы мыкты жетекчинин талыкпас эмгегинен улам болгонун кантип танабыз.
Азыр аталган федерацияда М.Турпановду четтетип, өз кызыкчылыктарын, чет элдик кызыкчылыктарды көздөгөн иштер жүрүүдө.

Милан Турпановго болгон терс кадамдарга жана кысымдарга каршылыгымды билдиремин!

Ошондой эле, башка коомдук-саясий ишмерлерди, жарандык коомду, кайдыгер эмес жарандардын Турпановду колдоого чакырам!

Иштеп, жыйынтык көргөзүп жаткан жаңы муундун өкүлдөрүн басмырлагандан өнүгүп кетпейбиз. Адамдарды тирүүсүндө барктайлы деп канчасын колдон учурдук. Барктаганды качан үйрөнөбүз!!!

Жеңиш Модокматов “Замандаш” партиясынын төрагасы

Последние новости