www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мурунку президент Алмазбек Атамбаевге таандык “7-каналды” рейдерлик басып алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктердин бири “Апрель” телеканалынын мурунку өлкө башчынын айланасындагы булактарына шилтеме берип жазып чыкты.
Азыркы убакта “7-каналдын” (ОсОО “Канал D”) айланасында талашуулар уланып жатат. Мүлктү каналдын мурунку ээси Майрамкүл Мамбеталиева алганга аракет кылып жатат.
Булактар “Апрель” телеканалына сатуу-сатып алуу макулдашуу документтердин көчүрмөсүн берген. Макулдашууга ылайык, Мамбеталиева телеканалды 2018-жылы 7 миллион сомго Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” коомдук фондуна саткан.
Бирок, бир нече убакыттан кийин Мамбеталиева сотко бүтүм жараксыз деп танууну талап кылып кайрылган. Анын айтымында, бүтүмдө коюлган кол анын колу эмес жана ал телеканалдын сатылышы тууралуу билген эмес.
Ошондой эле мурунку президенттин булактары билдиргендей, бүтүм боюнча Алмазбек Атамбаев Майрамкүл Мамбеталиевага 6 миллион 300 миң сом төлөп берген. Ал акчаны алганы тууралуу атайын ырастоочу документи бар.
Ошону менен катар каналдын экинчи сатып алуучусу “Апрель” фонду Мамбеталиевага 700 миң сом төлөп берген. Аталган сумма банк аркылуу которулган жана анын да ырастоочу документтери бар.
Аталган булактар “7-каналды” учурдагы бийликке жакын адамдар тарабынан рейдерлик басып алуу болуп жатат деп эсептейт.
Белгилей кетсек “7-каналдын” мүлкү КРдин Аскердик прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 9-августунда камакка алынган. Каналдын Ош шаарындагы мекемеси жабылган. Бирок бир нече күн өткөндөн кийин эле тергөөчүлөр тарабынан кайра ачууга уруксат берилген. Андан кийин телеканал ошол замат эфирге чыгып, редакциянын саясаты да өзгөргөн.
Эске салсак, А.Атамбаевге жана “Апрель” фондуна таандык “Апрель” телеканалы дагы эле жабык турат. “Апрель” канча жолу эфирге чыгууга аракет кылса да, майнап чыккан жок. Каналдын кызматкерлери социалдык тармактардан жумушун улантып жатат.
Булак: NazarNews.kg