www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менин жашым отуз беште, үйлөнгөнүмө эки жылдан ашып калды. Балалуу болуп, балабыз бир жашка чыгып эмгектеп басып жүрөт. Атам өмүр бою союз мезгилинде чабан болуп иштеп журүп пенсияга чыгып, анан көзү өтүп кетти. Ошо себептен атам менен чогуу жаш кезимде мал менен жүрүп тоодо, жайлоодо, кыштоодо чоңойдум. Азыр мен да өзүм мал кармайм, бирок менчик мал, койлор, уйлар, жылкылар бардыгы өзүмдүкү. Союз чачыраганда энчимди бөлдүрүп алып, мал менен иштешкенди жакшы билгендиктен бардыгын төлдөтүп көбөйтүп алууга жетиштим. Ушунума Кудайыма тобо деш керек, анткени канчалаган гана адамдар энчиге алган малын сактай алышпай жок кылып алышты. Жылда жайында малым менен жайлоого чыгам. Бир күнү жайлоодо жүргөндө күтүлбөгөн бир кызыктуудай көрүнүшкө туш болдум. Убакыт түштөн ооп калган болчу. Малды тоо бетине жайып таштап коюп үйгө келатсам, бир жаштан өтүп жаңыдан басып калган уулум боз үйдүн сыртында жыландар менен ойноп отурат, бир эмес бир канча жылан. Адегенде чочуп кеттим, анан эсиме келе жанымды тынчтандырдым. Анткени жыландар уулумду чагышкан жок, тескерисинче мойну-башына, колу-буттарына оролушуп уулумду күлдүрүп жатышты. Уулум эч нерседен бейкапар ырсалактай күлө жыландарды уучтап алып, анан кайра коё берип жыргап ойноп отурганын көрдүм. Мен да бейкапар бери жакта аларды карап турдум, чагып алат деп чочулаган да, корккон да жокмун. Себеби бала кезден эле мага Жараткан берген бир өзгөчөлүк бар болчу. Дегеле кандай гана жан-жаныбар болбосун мага тийчү эмес.
Бир жолу бала кезде эч нерседен коркпой жыландар ордосун аралап өткөнүм эсимде. Өзүмдө кандайдыр бир ишеним, күч-дем пайда болуп ошолорду көздөй басканга мажбурлаган. Ошондо таң калычтуусу, мени бир да жылан чаккан эмес. Мындай өзгөчөлүгүмдү буга чейин деле эч кимге айткан эмесмин, билгизбөөгө аракет кылып келгем. Анда он төрт-он беш жашаар кезим эле, кошуна айылдын көчөсүнөн аралап өтүп баратсам, так эле алдымдан килейген дөбөт ит чыга калып алдымды тороду. Мен ага эч маани бербей тике качырып басып бардым да эч нерсе болбогондой так эле түбүнөн өтүп кеттим. Ал капмак турсун, мага көңүл да бөлгөн жок. Дагы бир жолу көчөдө кетип баратсам алдымдан беш-алты тайган ит чыкты. Сыягы, тигил короодогу киши тайган багат окшойт. Алар ары-бери өткөндөргө асылып жатышкан, көчөдөн киши өтпөй калган. Мен тике басып барып эле аларды аралап жанынан өтүп кеттим. Мага көңүл дагы бөлүшкөн жок. Канчалаган гана иттердин жанынан өтөм бири дагы каппайт. Дагы бир эң кызыктуу окуя, анда төртүнчү классты жаңы гана бүтүп жайлоодо жүргөм. Эшегимди минип алып коктунун ары жагындагы Акматбек байкенин үйүнө бараткам баласы менен ойногону. Күтүлбөгөн жерден эки-үч карышкырлар тобуна кезиктим, менде эч кандай коркуу сезим деле болгон жок, кандайча алар бул жакка жоортуп келип калышканын билбейм. Алар мага көңүл да бөлүшкөн жок, заматта эшегимди жара тартып кетишти. Атам алыстан дүрбү менен карап туруптур, мылтыгын тарсылдата аткылап жетип келди. Карышкырлар болсо эшектин этинен чала-була жешип, менден оолак боло беришти. Атамдын тим эле жүрөгү түшүп калыптыр, мага тийбегенине ушунчалык таң калды, атүгүл түлө да өткөрүп жиберди эртеси. Кара курт, чаян, жыландар канча жолу денеме жабышты, бирок бир да бирөө чакчу эмес. Дагы бир жолу кышкы каникул мезгилинде борбор калаабызда таякемдин үйүнө барганбыз конокко. Ошондо чет элдик зоопарк келиптир. Атам, апам, калаадагы таякем болуп зоопаркты аралап жүрүп бери жактагы балдар жаныбарларга ар кандай тамак-ашты ыргытып берип жатканын көрүп калдым. Дал эле менин бет маңдайымда торчонун ичинде килейген сапсагай аюу туруптур, мен колумдагы өзүм жеп жаткан азыкты ага бергим келип кетти да торчого колумду созуп аны карай сундум. Ал колумдагыны бир алып сугунуп койду дагы колумду, алаканымды жалап жатпайбы. Бери жакта тургандардын бардыгынын бул көрүнүшкө жүрөктөрү түшүп калышты. Аюу колумду тазалап жалап, анан ары көздөй кетип калды. Ары жактан бирөө келип кыйкырды.
- Эй уулум, аюу колуңду жулуп кетсе эмне болот эле, ыя! Өх, деги Кудай өзүңдү сактады! Турмушумда жаныбарлар менен байланышкан көп эле окуялар болду, бардыгын эстей албайт экенсиң. Эч кимди өзүнө жолотпой жаткан жапайы аттарды мингенде кадимкидей жоошуп калчу. Менин ушундай өзгөчөлүгүмө көпчүлүк эл ушунчалык таң кала беришчү, бирок мындай көрүнүштөр, окуялар мага анча билинчү да эмес. Мейли жырткыч же кандай гана жаныбар болбосун, алардан менде ушул убакка чейин коркуу, үркүү болгон эмес. Алар дагы мага тийишпейт. Бир жашар уулумдун жыландар менен ойноп жатканын көрүп анча чочулабаганымдын себеби да ушундан. Алардын жанында зайыбымдын болбогону да жакшы болду. Ал боз үйдүн ичинде уктап жатыптыр, уйкусу катуу болчу. Уулумдун сыртка чыгып кеткенин дагы байкабаса керек. Болбосо ызы-чуу чыгарып, өзүн жыландар чагып алышы мүмкүн болчу. Жанагындай көрүнүштөн кийин Жараткан мага берген өзгөчөлүктү уулума да берсе керек деп ойлоп калдым. Деги ошондой эле болсун, Кудайым өзү колдосун. Жада калса боз үйдүн жанында жаткан иттер дагы жыландардан чочулашып качып кетип калышыптыр. Мен алиги жыландарга жакындап барганда, алар менден оолак болуп сойлоп кетип калышты. Ал эми уулум болсо ошол жылмайып күлүп ойногон боюнча мени тосуп алды.
Марат Үсөнов, Нарын областы
Булак: “Шамбала”