www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча артыкчылык мындан кийинки жылдарда да сакталат, анткени бул узак мөөнөттүү жана ырааттуу процесс болуп саналат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев Президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына комментарий берип жатып. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал санариптештирүү боюнча кээ бир долбоорлорду ишке ашыруу үстүбүздөгү жылы да улантыларын баса белгиледи.

«Бүгүнү күндө бардык мамлекеттик органдар мекемелер аралык „Түндүк“ электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулган. Жеке структураларды кошулуу активдүү жүрүүдө. 25тен ашуун коммерциялык банктардын ичинен 16 банк бул тутумга кошулган жана маалыматтар менен алмашуу жүрө баштады», — деп белгиледи Данияр Иманалиев.

«Иштелип чыккан жана ишке киргизилген санариптик аракеттенишүүнүн механизмдери ошондой эле санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү талап кылат. Жаңы инновациялык технологиялардын колдонуучусу болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү өздөрү маалыматтык технологияларды колдоно билиши керек. Санарип технологиялардын экономикага жана социалдык тармакта тереңирээк кириши үчүн биз ошондой эле калктын арасында санариптик сабаттуулугун жогорулатышыбыз керек. Бул талаптарга ылайык аталган Жарлыкта санарип сабаттуулугунун потенциалын жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар каралган», — деп баса белгиледи ал.

Данияр Иманалиев Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте инновацияга жана билимге негизделген өнүккөн маалыматтык коомдун өлкөсү болууну милдет катары коерун белгиледи.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости