www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жетиген” журналы жана Абдуламит Жумашев 100 мөмө көчөтүн отургузат Австралияда экологиялык апаат болуп, токой күйүп, жаныбарлар кырылып жатат. Бул жалпы адамзаттын, жер планетасындагы жаратылыштын, жан-жаныбарлардын кайгысы. Биз Кудай кооз кылып, жаратылышы өзгөчө мекенибизди көздүн карегиндей сактап, бак-дарак, жан-жаныбарларга аяр мамиле кылуубуз абзел. Мамлекеттин аймагында жок болуп кеткен жан-жаныбарлар көп, алар табияттын өзгөрүүсү, адамдардын мыкаачылыгынан улам тукум курут болушкан. Убагында аралап кире алгыс токойлор, азыр какыраган сайга айланып калган жерлер арбын. Ошондуктан, азыртан баштап арча-карагай, жаз айынан тарта тал-терек, мөмө көчөттөрүн отургузалы. “Ар бир атуул – бирден бак” деген акция уланып жатат. Жаз айынан тарта бак тигип же көчөт беребиз деген убадалар айтылып, максаттар коюлууда. “Жетиген” журналынын негиздөөчүсү Абдуламит Жумашев дагы бул демилгени колдоп бермей болду. Биздин диалогду, анын демилгени колдогон жылуу пикири: “90-жылы студент кезимде жазуучу Кубат Жусубалиевдин чыгармалары менен оруп жүргөн мезгилде ал киши Алайга көчүп кетип, тоо бооруна үй салган.Ошого атайын Кадамжайдан 50 түп алма өрүк, шабдалы көчөттөрүн алып барып бергем. Андан бери бара элекмин.Чоӊ бак болгон дешет көргөндөр. Буюрса барып Кубат акеден кабар алганча багын көрүп келем. Менин жеке өзүмдүн жана “Жетиген” журналынан 100 көчөт олтургузууга сөз беребиз. Силердин демилгени чын дилден колдойм иним”-деди Абдуламит агам.
Дайыр Орунбеков (Фейсбук баракчасынан алынды)