www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында такси кызматында эмгектенген кыргыз жараны мас абалындагы жүргүнчүнү тийиштүү жерге жеткирбей койгондугу үчүн полиция кызматкерлери кармап кетишкен.
Белгилүү болгондой кыргызстандык башкарган унаага мас абалындагы улутчул адам отуруп, айдоочуну ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, мушташканга аракет кылган. Андан кийин жүргүнчү полиция кызматкерлерин чакырган. Жерине келген тартип сакчылары кыргыз жаранын кармап кетишкен.
Айдоочу Валентина Чупик аттуу тааныш юристине жардамга кайрылууга аргасыз болгон. Качан гана бул ишке Валентина кийлигишип, полиция кызматкерлеринин иши мыйзамдуу эмес экендигин түшүндүргөндө тартип сакчылары кыргыз жаранын бошотууга аргасыз болгон.
Төмөндө Валентина Чупик кыргыз айдоочусу менен жазышкан каттарын сунуш кылабыз.
Булак:NazarNews.kg