www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук прокуратурасы мурунку аялын сабап, зордуктап салган шектүүнү үй камагына алуу чечимин кайра карап чыгуусу боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу Чүй облусунун жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн прокуратурасынын башчысы Нурлан Тагаев билдирди.
Анын айтымында, шектүүнү үй камагына алуу чечими мыйзамсыз жана негизсиз.
Эске салсак, 5-октябрда 27-жаштагы А.К аттуу жабырлануучу мурунку күйөсү Т.Т. мас абалында сабап, зордуктап салды деп милицияга арыз менен кайрылган. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Бирок, бир айдан кийин, 6-ноябрда Кемин райондук соту Т.Т. камакка алуу чарасын үй камагына которгон.
Белгилей кетсек, жабырлануучунун бир тууганы жергиликтүү басылмалардын бирине Кемин райондук соту оор кылмыштарга күнөөлөнгөн адамдын ишин жаап-жашырып, бир айдын ичинде эркиндикке чыгарып жиберди деген маалымат берген. Сот шектүүдөн акча алып, ишин жаап койгонун, эми алар облостук сотко кайрыларын билдирген.
Булак:NazarNews.kg