www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-ноябрь күнү Кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапты. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу жараткан Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон учурда, ал Кыргызстандын Түркиянын Стамбул Башкы консулдугунун дипломаттык номери тагылган унаа менен жүргөнүн түркиялык сайттар жарыялашты. Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер, кантип Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн дипломаттык  номерине ээлик кылып калганы боюнча суроо жаралды. 

Эркин Сопоков – Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулу. Ал, убагында Алмазбек Атамбаевге таандык “Кыргызавтомаш” ишканасында айдоочу болуп эмгектенген. 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаев аны президенттин иш башкармалыгына караштуу “Ала-Арча” резиденциясынын директору кылып кызматка койгон.  Андан соӊ, 2017-жылдын апрель айында Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кылып дайындаган. Дипломаттык тажрыйбасы жок адамдын кызматка дайындалышы массалык маалымат каражаттары тарабынан далай жолу сынга алынганына карабай, Алмазбек Атамбаев сын-пикирлерге реакция жасаган эмес. Дал ошол маалда “Кыргызстанды шопурлар башкарып жатат” –деген нааразычылык күчөп турган маал болчу. 

https://www.gezitter.org/politic/59180_chi_chi_vremena_shoferov/  

Сын айтылганына карабай Башкы консул кылганынын дагы себептери бар эле. Ал, ишенимдүү адамы катары Түркиядагы Алмазбек Атамбаевдин бизнестерине көз салышы керек болчу. Мурдагы президент 2003-жылы Түркиядагы компаниядагы акцияларын сатып, ошондон кийин миллионер болуп калганын көп жолу айткан. Бирок, саясатчы Эдил Байсалов өзүнүн иликтөөсүнө таянып Атамбаевдин калпын ачыктап чыккан. Байсалов – Алмазбек Атамбаев 2003-жылы миллионер болгон эмес, анын киреше булагы - белгисиз болгон байлыктары 2010-жылдан кийин топтолгонун сөз кылган. 

https://www.youtube.com/watch?v=Tv0CMARV0Eg 

Айэркен Саймаити каржылык схемаларды түзгөн, ири суммадагы акча которууларды жасаган айлакер экени тууралуу маалыматтар бар. Каржы полициясы текшерүү кылып, Айэркен Саймаитини суракка алуу демилгесин көтөргөн. Бирок кандайдыр себептер менен ага карата иликтөө ишке ашпай, көз жаздымда калтырылган. Кылмышка шектүүнү колго түшүрүүнүн ордуна, Башкы консул артыкчылыктарды берип, дипломаттык номер тагылган унаа менен жүрүүгө шарт түзгөнү эмнеден кабар берет? 

Мына ушундай жакындыктан кийин, Айэркен Саймаити менен Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы Эркин Сопоковдун чогуу болгонуна таӊ калуунун дагы кереги жок.  Дипломаттарга берилген артыкчылык менен ал 2016-жылдан бери Түркияда ээн-эркин жүргөн. Демек, Айэркен Саймаити менен Алмазбек Атамбаевдин жалпы кызыкчылыгы, орток бизнеси болгон деп шектенүүгө негиз бар. Түркиялык маалымат сайттар ишкердин өлүмүнүн себебин - аласа-бересе акчаларга байланыштырып жазышууда. Бизнес, чоӊ акча бар жерде талаш-тартыш  болору бышык. Учурда ишкердин өлүмү түрдүү божомолдор менен коштолуп айтылууда. Анын сырдуу өлүмү Башкы консул Эркин Сопоковго көбүрөк белгилүү болсо керек. Барынан мурда, Башкы консул эмнеге кылмышкерге дипломаттык номер жана артыкчылыктарды берип жашырып келгенине кызыгуу абзел.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости