www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Искак Масалиев менен Жанар Акаев шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу туура сунуш берип жатышат. Алардын киргизип жаткан өзгөртүүсүнө келе турган болсок, анда мындан ары партиянын лидери талапкерлердин тизмесин өзү түзбөйт. Шайлоочуларга эки тизме бериле турган болот. Анда шайлоочу каалаган талапкерине добушун берет жана өз аймагынан көп добуш алган талапкер депутат боло алат. Бул тууралуу эл өкүлдөрү кечээ күнкү “шайлоо босогосу канча пайыз болуш керек?” – деген темада болуп өткөн тегерек столдо билдиришти, - деп жазып чыкты "Факты.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Буга чейин партиялык системадагы кемчиликтер, добуш партияга гана карап берилип, кийин партия лидери каалаган талапкерди депутат кылып алып келүүгө мүмкүн болгон. Ошондон улам коомдо нааразычылыктар чыгып, бир мандаттуу шайлоо системасына эле келишибиз керек экенин айтылып жүргөн. Эми парламенттик шайлоо системасы мына ушундай өзгөрүүгө баруу менен коомдогу партиялык шайлоо өнөктүгүнүн өксүктөрүн басууга болоорун билдиришүүдө.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости